БАЭ чет өлкөлүк дарыгерлерге жана вирусологдорго "алтын" визаларды берип, өз өлкөсүнө чакырып жатат

16 ноября 2020 13:28 1267 Barometr
Поделиться в:
ok

Бириккен Араб Эмирлигинин бийлиги 10 жылдык мөөнөткө "алтын" виза ала турган адистердин жана кесиптердин тизмесин кеңейтип, ага докторлорду жана маалымат технологиялары жаатындагы адистерди кошту. Бул тууралуу Дубайдын башкаруучусу Шейх Мухаммед бин Рашид Аль Мактум өзүнүн твиттер баракчасына жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Билдирүүгө ылайык, виза ошондой эле эпидемиология жана вирусология жаатындагы адистерге, компьютер инженерлерине, программалык камсыздоо инженерлерине, биотехнология, электроника жана электр энергиясы тармагында тажырыйбасы бар адистерге берилет.

Ошону менен катары эле, орто мектептердин жогорку класстарында окуган окуучуларга жана университеттердин эң мыкты студенттерине виза алууга уруксат берилет.

2019-жылдын март айында БАЭнин Министрлер Кабинети биринчи жолу чет өлкөлүк жарандардын айрым категорияларына беш жана он жылдык резиденттик визаларды берүүгө уруксат берген. Ага чейин чет өлкөлүктөр үчүн жашоо визасынын максималдуу мөөнөтү үч жыл болчу. Инвесторлорго, ишкерлерге, илимпоздорго, жогорку квалификациялуу адистерге жана таланттуу студенттерге узак мөөнөттүү виза алууга уруксат берилген.

Ссылка: https://barometr.kg/bae-chet-lklk-darygerlerge-zhana-virusologdorgo-altyn-vizalardy-berip-z-lksn-chakyryp-zhatat



Добавить комментарий