Бабановду сүйгөн кыз аны чанып кеттиби: "Сизге караганда түрү суук болсо да Алтынбек байке эркек экен"
Бүгүн, 13-апрелде Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келүү чечимин кечиктиргени тууралуу калкка кайрылуу жасап, көпчүлүккө күтүүсүз жаңылык таратты.
Маалым болгондой буга чейин, тактап айтканда 12-апрель күнү фейсбук барактарында өзүн Бабановдун сүйүктүүсү деп атаган Айдана Каримова аттуу кыз пайда болгон. Ал саясатчыга болгон сезимдерин элге ачыктан ачык эле жарыялаган эле.
Көпчүлүк "Бабанов эмнеге келбей койду?" деген суроо менен баш катырып жаткан учурда айрымдар "Баарынан да Айданага жаман болду" деген пикирлерин билдиришүүдө.
Буларга жооп кылып Каримова да өз учурунда жаңы билдирүү таратты:
"Коркок! Келем дегениңизге ишендим эле... Эми сизди күтпөйм. Сизге караганда түрү суук болсо да Алтынбек байке эркек экен", -деген Айдана көпчүлүктү кайрадан ойго салды.
Эми "Алтынбек деген ким?" деген суроо жаралды.
Добавить комментарий ×