Бабановду сүйгөн кыз: "Мен алыстап турууну чечтим, мынчалык болот деп ойлогон эмесмин"

15 апрель 2019 10:57 9688 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келет, келбей калды деген жаңылыктарды интернет булактарында эл ар тараптуу талкууга алууда. Өз учурунда ар түрдүү фейк аккаунттуар да пайда болуп, айрым саясатчылардын атын каралоо иретинде иш алып барган учурлар да катталды. Аны менен катар кыска убакытта коомчулукка Бабановдун сүйүктүүсү катары таанылган Айдана Каримова аттуу кыз да пайда болду.

Каримова Бабанов келет дегенде "күтүп жатам" деп келбей калды дегенде "коркок" деп талкуу жаратса эми ал "мен бираз алыстай турууну чечтим" деп соцтармака ызы-чуу салды.

Айдана Каримова көпчүлүккө:

"Менин акыркы жазган сагыныч катымдан кийин ар ким ар кандай ойлорун жазып жатышат. Ата-энем алыста болсо да катуу урушуп жатат. Ошондуктан мен бир аз алыстай турууну чечтим. Мынчалык болот деп ойлогон эмесмин", -деп өкүнгөнүн билдирди.

Интернет колдонуучуларынын басымдуу бөлүгү "бул бирөөнүн атайын кылып жаткан оюну" деген пикирлерин билдиришүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/babanovdu-sjgn-kyz-men-alystap-turuunu-chechtim-mynchalyk-bolot-dep-ojlogon-emesmin



Добавить комментарий