Бабанов Москвадан кайрылуу жасады

26 сентября 2019 19:36 1590 Barometr
Поделиться в:
ok

Парламенттеги «Республика — Ата-Журт» фракциясынын мурдагы башчысы Өмүрбек Бабанов коомчулукка кайрылды. Саясатчы өзүнүн facebook баракчасы аркылуу жасаган кайрылуусунда Талас облусунун көк-бөрүчүлөрү менен чогуу түшкөн сүрөтүн жайгаштырып, Москвага кеткенине кызыккандарга жооп кылган.

Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн менин персонама болгон кызыгуусуна ыраазычылык билдирем :). Мен өз иштерим менен алекмин, алар ички да, эларалык да каттамдарга чыгууну талап кылат. Эч жакка, эч кимден качкан эмесмин, качкан жокмун. Сиздер билгендей, күбө катары тергөө органдарына өз убагында барып турам, ушул убакыттын ичинде аларга бардыгын түшүндүрүп, актыгымды далилдей алдым деп ишенем. Ал эми менин кыймылыма чектөө жок. Андыктан өз иштерим менен тышка учуп чыккам, анан албетте өз мекеним Кыргызстаныма келем!”, - деп жазат саясатчы.

 

Ссылка: https://barometr.kg/babanov-moskvadan-kajryluu-zhasady



Добавить комментарий