Видео. Бабанов: Көп нерсени түшүндүм
Белгилүү саясатчы Өмүрбек Бабанов НТС каналына маек берди. “Республика-Ата-Журттун” мурдагы лидери чет жакта жүрүп бир кыйла тажырыйбага ээ болгонуна токтолду.
“Бир топ адамдык баалуулуктарды мурда түшүнбөй жүрсөм, азыр аларды жогору баалаганды үйрөндүм. Сыртта жүргөндө мурдагы досторубуздун арасынан дагы кимиси чыныгы дос, кимиси байлык, бийлик дос экени билинди. Мен үчүн бул чоң тажырыйбалуу сабак болду. Экинчиден, экономика жагынан бир топ чоң тажырыйба алдым. Россияда жүрүп бир канча нерселерди көрдүм. Мисалы, Сколкового барып жетекчилери менен өзүмдүн тажрыйбамды өстүрүш учүн жолуктум. Бир канча компаниялар менен жолугушууларды өткөрдүм, аны укмуш жомок десем болот”,-деп белгиледи Бабанов.
Эскерте кетсек, Бабанов Кыргызстандын саясатынан кеткенден берки 1,5 жылда алгачкы ирет НТС каналына маек берди. Толук маекти бүгүн саат 19:40та НТС телеканалынан көрүүгө болот.
Ссылка: https://barometr.kg/babanov-kp-nerseni-tshndm
Добавить комментарий ×