Видео. Бабанов: Фракция лидерлигинен кысым менен кетирген
“Республика-Ата-Журт” партиясынын жана парламенттик фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов НТС каналына маек берди. Анда ал аны фракция лидерлигинен күч менен кетиришкенин айтты.
“Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Башкы прокуратура болуп фракциянын жетекчилигинен кетиресиңер деп аларды коркутуп аларды мажбулар кол топтой башташты. Мен муну буга чейин эч кимге айткан эмесмин”,-деп билдирди саясатчы.
Эскерте кетсек, Бабанов Кыргызстандын саясатынан кеткенден берки 1,5 жылда алгачкы ирет НТС каналына маек берди. Толук маекти бүгүн саат 19:40та НТС телеканалынан көрүүгө болот.
Интервьюну Москва шаарынан алышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/babanov-frakciya-liderliginen-kysym-menen-ketirgen
Добавить комментарий ×