Жаш балдардын организминде желимдин 11 түрү табылды

18 сентября 2019 10:53 1209 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Азыркы жаш балдардын  дээрлик бардыгынын организминде желим бѳлүкчѳлѳрү бар. Мындай тыянакты айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Германиянын Роберт Кох институтунун  изилдөөчүлөрү жарыялады.

Изилдѳѳчүлѳр үч жыл аралыгында  2500 ымыркайлар менен ѳспүрүм балдардын заарасын изилдешкен. Алар 3-17 жашка чейинкилердин организминен желимдин он бештей түрүн табышкан.  Катышуучулардын 97%  желим бѳлүкчѳлѳрүнүн 11-15 түрү кездешкен. Он бир түрдѳгү желимдер жѳнүндѳ сѳз болуп жатат

Илимпоздор бул нерселердин  биздин организимге кандай таасир берери тууралуу азырынча маалымат жок.  Адистер ѳзгѳчѳ перфтороктан кислотасынын ѳтѳ кѳп кездешкени кооптондурганын баса белгилешти. Учурунда ашкана идиштерин жасоодо ѳтѳ кѳп колдонулуп, популярдуу болгон. Изилдѳѳгѳ катышкан балдардын жыйырма пайызында перфтороктан кислотасынын курамы нормадан ашык кездешкен. Кислота айлана-чѳйрѳ жана адамдын ден-соолугу үчүн абдан зыян. 2015-жылы бул кислотаны колдонууга тыю салынган. Булардын курамында желим бар жана 190 температурадагы ысыктыкта да араң ээрийт.  Ал эми адамдын организминде кѳпкѳ жашайт. Ошол себептен изилдѳѳчүлѳр желим нерселерди колдоонуну тыю салууну сунушташат

Ссылка: https://barometr.kg/azyrky-zhash-baldardyn-organizminde-zhelimdin-11tr-kezdeshken



Добавить комментарий