Депутат: Айыл чарба министрлиги жок эле жашасак болот

31 января 2020 16:11 1749 Barometr
Поделиться в:
ok

Айыл чарба министрлигинин негизги максаты Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба өнүмдөрүнүн экспортко чыгарылышына жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат. 

Ал дыйкандар менен тыгыз иштешип, эл аралык рыноктун абалына так талдоолорду жүргүзүү менен, суроо-талап жогору боло турган өнүмдөрү айдоо жаатында өз сунуштамаларын бериши зарыл. Бул тууралуу депутат Аалы Карашев КСДП фракциясында айыл чарбасын өнүктүрүү жана каржылоо долбоорлорун ишке ашыруу жөнүндө Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда билдирди. 

«Айыл чарба министрлиги болбосо деле айыл чарба өнүмдөрү өндүрүлө берет. Ал эми министрликтин милдети ЕАЭБ алкагындагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен, өнүмдөрү сатуунун узак мөөнөттүү каналдарын түзүү болуп эсептелет», - деди депутат Аалы Карашев. 

Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев айыл чарба багытындагы жерлердин 75 пайызы жеке менчикте экенин, демек, негизги өнүдүрүүчүлөр ошолор болуп саналарын билдирди. 

«Азыр министрлик өндүрүлөгн өнүмдөрдү сатуу алкагын кеңейтүү аракетин жасоодо. Буюрса, алар коңшу өлкөлөргө эле эмес, Украина менен Беларуска чейин сатылат», - деди ал. 

Депутат Айыл чарба министрлигинин жетекчилигин өнүмдөрдү импорттоочу жана экспорттоочу уюмдар менен тыгыз иш алпарууга чакырды. 

«Өндүрүлө эле, бирок өндүрүлө турган айыл чарба өнүмдөрү боюнча да экспорттук келишимдер түзүлсө, андан бетер жакшы болмок», - деп кошумчалады Аалы Карашев.

Ссылка: https://barometr.kg/azyr-ministrlik-ndrlgn-nmdrd-satuu-alkagyn-keejt-araketin-zhasoodo



Добавить комментарий