Бишкекте азиздер Жапон элчилигинин алдында кайрылуу жасашты
Бүгүн 20-сентябрда азиз балдар жана алардын ата-энелери «Эмпауэр блайд пипл» уюмунун мүчѳлѳрү Жапон элчилигинин алдында элчиге кайрылуу жасашты. Ата-энелердин бири Раманкулова Анара: « Урматтуу элчи биздин буга чейинки кайрылуулурарыбыздан тыянак чыкпагандыктан видео кайрылуу жасап жатабыз. Панфилова164а, 43 жайгашкан кеңседе азиз балдар жана чоңдор үчүн атайын окутуулар ѳтүп турган. Азыр ал кеңсе жабык. Себеби сот иштери жүрүүдѳ. Сот иштерине кѳңүл буруп коюңузду ѳтүнѳбүз»,- деди.
Ал эми «Эмпауэр блайд пипл» уюмунун жетекчиси Эльнура Эмилканова жапон жараны Матсуда Шинджи менен сот иштери жүрүп жатканын айтат.
«Соттун чечими боюнча жабырлануучу жапон жараны Матсуда Шинджи кыргыз жараны Эльнура Эмилкановага 113миң АКШ долларын бергенин жана ачаны алган тарап кайра кайрып берүүсүн талап кылууда. Бирок бул туура эмес, биз 2015-жылы жапан жараны Масахико Текаучи тарабынан жогорудагыдай сумма акча которулган. Ошол каражатка кеңсе алып анын жадып иштеп келгенбиз. Буга чейин шаардык,райондук сот жапон жаранынын арызын канааттандырууда »,- деди Эльнура Эмилканова.
Жапон жараны Матсуда Шинджи сотко Эльнура Эмилкановага 113миң АКШ долларын бергенин жана ачаны алган тарап кайра кайрып берүүсүн талап кылып кайрылган. Сот жапон жаранынын канааттандырган. Бирок экинчи тарап соттун чечимине нааразы болуп, элчиликтин жана Башкы прокуротуранын алдына барып, видео кайрылуу жарыялашкан. Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбековга дагы кайрылуу жазышкан.
Жапон элчилигинен бул тууралуу маалымат алуу мүмкүн болгон жок. Матсуда Шинджи менен байланыша албадык.
Ссылка: https://barometr.kg/azizder-zhapon-elchiliginin-aldynda-elchige-kajryluu-zhasashty
Добавить комментарий ×