Бишкекте өзүн-өзү диагностикалоо боюнча колл-борбору ачылды

1 июля 2020 17:45 1054 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте өзүн-өзү диагностикалоо боюнча 118 колл-борбору ачылды, мында күнү-түнү 40 оператор иштейт. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип «Барометр" билдирет.

«Бишкек шаарында экономикалык ишмердүүлүктү кайра жандандыруу шартында ооруну жугузуп алган жана байланышта болгон жактар көп катталууда. Өзгөчө өз алдынча кайрылуу учурлары көбөйдү, Тез жардам кызматы шаар тургундарынын кайрылууларын кабыл алууга жетишпей, стационарларда койка-орундуктар жетишпей жатат. Мунун баары пандемиянын күчөшү, пневмония жана курч респиратордук инфекция менен ооругандардын санынын өсүшү менен байланыштуу», - деп билдирди борбор калаанын мэри Азиз Суракматов.

Анын айтымында, Премьер-министрдин тапшырмасы менен өзүн-өзү диагностикалоо боюнча 118 жаңы колл-борбору ачылды, ал №2 орто мектебинин базасында ачылган.

«Башка имаратка көчүү колл-борбордун байланыш операторлорунун көбөйүшүнө байланыштуу болду. Бул жерде күнү-түнү 40 медкызматкер-оператор нөөмөттө турат. Колл-борбордун операторлору – дарыгерлер, клиникалык ординаторлор, ыктыярдуу-дарыгерлер болууда. Кеңеш берүүчү операторлор дароо КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритми боюнча диагнозго жараша кеңири нускама-окуудан өтүп жатат», - деп белгиледи ал.

Ошондой эле, мобилдик топтор азыркы учурда экспресс-тест жасашпайт жана ПЦР –тестке мазок алышпайт

“Саламаттык сактоо министрлигинин 2020-жылдын 28 – июнунда кабыл алынган буйругуна ылайык, мобилдик медициналык топтор кайрылган жарандардын абалын текшерүү жана биринчи диагностика жасоо үчүн келишет. Алар ПЦР-тестке мазок алышпайт жана экспресс-тест жасашпайт”, - деп билдирди Суракматов.

Анын айтымында, шаар тургундары күнү-түнү Үй-бүлөлүк медициналык борбордун дарыгерлеринен кеңеш ала алышат. Акимчиликтер жана муниципалдык аймактык администрациялар жарандарга үй-бүлөлүк дарыгерден кеңеш алуу үчүн жардам беришүүдө.

Андан тышкары «Карантин тартибин бузгандар боюнча чараларды күчөтөбүз, рейддердин саны да көбөйөт, ал эми айып пулдар, эскертүү чараларын көрбөстөн, дароо салынат», - деп билдирди мэр.

Анын айтымында, мэрия тарабынан райондук администрацияларга, жергилиликтүү аймактык башкаруулардын башчыларына тийиштүү кызматтар менен биргеликте райондордун аймагында күн сайын текшерүүлөрдү өткөрүп туруу тапшырылды. Базарларга, соода борборлоруна, коомдук унаага жана көп адам чогулган жайларга өзгөчө көңүл бурулат.

«Ички иштер башкармалыгы, Шаардык милиция бөлүмдөрү жана участкалык милиционерлер тургундар, райондук активисттер жана бизнестин субъекттери менен санитардык ченемдерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Саламаттык сактоо башкармалыгы жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору оорунун очокторун аныктоо үчүн мобилдик топтордун ишин күчөтүшү зарыл», - деп кошумчалады ал.

Такси кызматтары иш күндөрү убакыт боюнча эч кандай чектөөлөрсүз иштейт, санитардык талаптар сакталышы зарыл. Ал эми дем алыш күндөрү (ишемби жана жекшембиде) такси иштебейт.

Ссылка: https://barometr.kg/aziz-surakmatov-mobildik-medicinalyk-toptor-akybal-teksheret-pcr-testke-mazok-alyshpajt



Добавить комментарий