Азиз Суракматов бир катар кадрдык кызматкерлерди алмаштырды
Поделиться в:
Бишкек мэри Азиз Суракматов бир катар кадрдык кызматкерлерди алмаштырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, «Бишкекжашылдандыруу» мекемесинин директору болуп Элнура Жолдошева дайындалды. Буга чейин ал ишкананын башкы агроному болуп иштеген. Мурунку жетекчиси Алымжан Усубахунов өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган болчу.
Ал эми Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп Уланбек Азыгалиев дайындалды. Мурунку жетекчи Нурлан Эшенбаев дагы өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.
Ссылка: https://barometr.kg/aziz-surakmatov-bir-katar-kadrdyk-kyzmatkerlerdi-almashtyrdy
Добавить комментарий ×