Азиз Мурадиллаев өзүнө келип, кыргыз элине жана президентке ыраазычылык билдирди
Белгилүү актер, Кыргыз Республикасынын эл артисти Азиз Мурадиллаев өзүнө келип, кыргыз элине жана президентке ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу журналист, коомдук ишмер Ассоль Молдакматова жарыялаган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, актер тез арада боорун чет өлкөдөн алмаштырыш керек болуп ооруканада жатат.
“Мен үчүн дуа кылып, ден соолук тилеп жаткан кыргыз элиме ыраазымын. Колдон келген жардамыңыздарды берип, сакайып кетишиме жардам кылып жатасыздар. Ошондой эле биздин президентибиз Садыр Нуркожоевичке чооң рахматымды айтам. Кудайым буюрса жакшылыкта жолугабыз деп ишенем”, -деп кайрылуу жасады Азиз Мурадиллаев.
Эске сала кетсек, Азиз Мурадиллаев буга чейин, оор абалда ооруканага түшкөнү кабарланган. Ал өтө оор абалда реанимацияда экени айтылган. Актер боордун цирроз оорусуна чалдыгып, буга чейин да чет өлкөдөн дарыланып келген.
Бул жолу тез арада боорун алмаштыруу керек экени кабарланып, актердун өмүрүн сактап калууга кыргыз эли, президент Садыр Жапаров баш болуп керектелүүчү акчаны чогултушкан.
Актерго донор керек болуп, ыктыярчыларды издешкен. Бирок, көп өтпөй Мурадиллаевдин боорун алмаштыра турган Түркия өлкөсүнүн мыйзамына ылайык, туугандары гана донор боло алат экен. Андыктан, Мурадиллаевдин туугандарынан донор табылып, азыр аларды текшерүү иштери жүрүп жатканы айтылды.
Ссылка: https://barometr.kg/aziz-muradillaev-zn-kelip-kyrgyz-eline-zhana-prezidentke-yraazychylyk-bildirdi
Добавить комментарий ×