Азия оюндары: Мушкер Азат Үсөналиев жарым финалга чыкты

28 августа 2018 20:20 1615 Barometr
Поделиться в:
ok

Индонезиянын Жакарта шаарында өтуп жаткан  жайкы Азия оюндарынын алкагындагы мелдештер улантылып жатат. Бүгүн, 28-августта Кыргызстандан боксчу Азат Үсөналиев 52 кг чейинкилер арасында рингге чыгып, жеңишке жетишти. Эми ал жарым финалда беттешет.  

Чейрек финалдагы беттеш кытайлык спортчу менен болуп, жыйынтык 5:0  ) эсеби менен Азат Үсөналиев жеңишти камсыздады. Муну менен ал турнирде 3 жолу катары менен жеңишке ээ болуп, 1/2  финалда өзбекстандык Жасурбек Латипов менен күч сынашат.    

Белгилей кетсек, Жайкы Азия оюндары 2-сентябрда жыйынтыкталат.

Ссылка: https://barometr.kg/aziya-oyundary-mushker-azat-snaliev-zharym-finalga-chykty



Добавить комментарий