Азия оюндары: Кыргызстандын атынан 7 мушкер намыс талашат (тизме)

18 августа 2018 00:10 1862 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдиргендей, Индонезияда болот турган Жайкы Азия оюндарында Кыргызстандын атынан бара турган бокс боюнча курама команданын курамы белгилүү болду.  

Маалым болгондой, иш-чарага Кыргызстандын атынан  7 мушкер катышат. Аларды жетектеп башкы машыктыруучу Данияр Жусубалиев бармакчы. Спорттук мелдеш эртең башталып 2-сентябрга чейин уланат.

Бокс боюнча Кыргыз курама командасынын тизмеси: Фарида Пупова, Мирлан Түркбай уулу, Азат Үсөналиев, Сирожидин Абдуллаев, Арген Кадырбек уулу, Нурлан Кобашев, Абдурахман Абдурахманов.

Ссылка: https://barometr.kg/aziya-oyundary-kyrgyzstandyn-atynan-7-mushker-namys-talashat-tizme



Добавить комментарий