Азия оюндары: Кыргызстандык жеңил атлетчи Илья Тяпкин марафондо 11-орунду ээледи

25 августа 2018 19:40 1525 Barometr
Поделиться в:
ok

Индонезиянын Джакарта шарында  Жайкы Азия оюндары уланууда. Анда бүгүн Кыргызстандык жеңил атлетчи Илья Тяпкин Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарындагы марафондо 11-орунду ээледи. 

Марафон бүгүн, 25-августта өтүп, мелдешке 21 жеңил атлетчи чыкты. Алар 42.195 км аралыкка чуркашты.  Жыйынтыгында маарага 15 спортчу жетти. Алардын арасында кыргызстандык 2 спортчу бар. Илья Тяпкин аталган аралыкты 2 саат 32 минут 6 секундда жүгүрүп келип, 11-орунду алса, Адилет Кыштакбеков 2 саат 51 минут 57 секунд менен 14-орунду багындырды. Ал эми Марафондо 2 саат 18 минут 22 секунд убакытта маарага келген япониялык Хирото Иноу жеңишке жетишти.

Ссылка: https://barometr.kg/aziya-oyundary-kyrgyzstandyk-zheil-atletchi-ilya-tyapkin-marafondo-11-orundu-eeledi



Добавить комментарий