Азия оюндары: Футбол боюнча Кыргызстан менен Бахрейн тең чыкты
Поделиться в:
Кыргызстандын футбол курамасы Азия оюндарында экинчи беттешин тең эсепте аяктады. Индонезияда өтүп жаткан турнирде команда “Е” тобунда кечээ Бахрейнге каршы аттанды.
20-мүнөттө атаандаштар эсеп ачып, бирок 59-мүнөттө өздөрүнүн дарбазасына автогол киргизип алышты. 82-мүнөттө Эрнист Батырканов Кыргызстанды алдыга чыгарды эле, акыркы секундаларда бахрейндиктер эсепти теңөөгө үлгүрдү. Жыйынтык 2:2. Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан Малайзияга 1:3 көрсөткүчүндө утулган. Эми акыркы оюн Түштүк Кореяга каршы 20-августта өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/aziya-oyundary-futbol-boyuncha-kyrgyzstan-menen-bahrejn-te-chykty
Добавить комментарий ×