Азия оюндары: Бүгүн оор атлетчи Иззат Артыков күчүн сынайт
Поделиться в:
Индонезиядагы жайкы Азия оюндары өтүүдө. Бүгүн Жайкы Азия оюндарынын 4-күнүндө спорттун 14 түрү боюнча 31 медалдар топтому ойнотулат.
Ал эми Кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыков бүгүн саат 16:00дө 69 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашмакчы.
Белгилей кетсек, Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/aziya-oyundary-bgn-oor-atletchi-izzat-artykov-kchn-synajt
Добавить комментарий ×