“Азия Ньюстун” жетекчиси Асланбек Сартбаев вице-премьер Разаковдун гезитти сотко бергени боюнча үн катты

17 август 2019 19:02 1163 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков сотко берген “Азия Ньюс” гезитинин башчысы Алсанбек Сартбаев доо арыз боюнча үн катты.

Бул тууралуу бүгүн ал өзүнүн facebook баракчасына жазды.

Гезит Разаковго байланышкан окуя тууралуу 6 ай мурда жазган. Жогорку мамлекеттик кызмат адамынын буга эми гана реакция жасап, гезитти 10 млн сомго айыпка жыкканы жатканын редактор жалпыга маалымдоо каражаттарына кысым деп баалайт.

Эмне үчүн Жеңиш Разаков жарым жылдан кийин “Азия Ньюс” гезитин сотко берди? Мен жетектеген “Азия Ньюс” гезитин вице-премьер-министр Жеңиш Разаков сотко бергени кабарланды.
Жаңылбасам, ушул жылдын март айында гезит “Разаков Тажикстандын агентиби?” деген маанайда суроо салган. Андан бери жарым жылча убакыт өтүп кеткен соң, түшүнөн чочугандай болуп, “кадыр-баркыма шек келтирди” деп, “Азия Ньюстан” 10 миллион сом доолап атканы кызык
”, - деп билдирүү калтырган “Азия Ньюс” гезитинин жетекчиси Асланбек Сартбаев.

Эске сала кетсек, кечээ Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков аталган гезитти сотко берип, моралдык чыгымга 10 млн сом талап кылганын “baromter.kg” сайтына Өкмөттүн маалымат катчысы Чынгыз Эсенгул уулу билдирген.


Ссылка: https://barometr.kg/aziya-nyustun-zhetekchisi-alsanbek-sartbaev-vice-premer-razakovdun-gezitti-sotko-bergeni-boyuncha-n-katty



Добавить комментарий