"Азия MIX"тин капитаны Элдияр Кененсаровдун жубайы Камила: "Сүйүктүүм тууралуу ачуу чындыкты угуп уйкудан ойгонгондой болдум"

27 ноября 2018 08:49 6367 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

 "Азия MIX" командасынын капитаны Элдияр Кененсаров менен жубайы Камила Абдил ажырашты. Бул тууралуу Камила Instagramдагы жеке баракчасы аркылуу эмнеге мындай чечим кабыл алгандары тууралуу жазды. 

Анын айтымында, бир жыл мурда ал суйгөн адамы менен болгон мамилесин бузуу тууралуу чечим кабыл алган. Ошондой эле физикалык жактан да, моралдык жактан да эң оор жыл болгонун айткан.


"Кош бойлуу кезимде ден-соолугумдун оорлошуп калганына карабай, бардык үйдөгү жүктү өзүм көтөрдүм. Балдарымды жарык дүйнөгө алып келгенде да жаныбызда болгон жок. Уулумду мен өзүм бир айдан кийин алып барганда гана көрдү. Ал учурда мамилебиз деле жакшы болчу. Болгону анын чыгармачылык амбициясы маанилүү болуп, өзүнүн миссиясын таап алды. Баарына чыдап, үй-бүлөнү бузбай жашап кетүүгө далалат кылдым. Бирок, мындан аркысы болбой калды. Сүйүктүүм тууралуу бир чындыкты угуп уйкудан ойгонгондой болдум" — деп жазды ал.

Камила  ошондой эле күйөөсүнүн айрым юридикалык, бухгалтериялык иштерин өз мойнуна алганын белгилеген. 

Эске салсак, эки жаш 2009-жылы үйлөнүшүп, бир уул бир кызды тарбиялап, бактылуу түгөйлөрдүн катарын толуктап келишкен. 

Ссылка: https://barometr.kg/aziya-mix-komandasynyn-kapitany-eldiyar-kenensarov-menen-zhubajy-kamila-abdil-azhyrashty



Добавить комментарий