"Азия MIX" командасы Сочидеги жайкы КВН-2018 оюнунда жеңишке жетти

24 август 2018 23:30 1917 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

"Азия MIX" курама командасы Сочидеги жайкы КВН-2018 оюнунда жеңишке жетти. Бул тууралуу социалдык баракчасына өзбек ырчысы, команданын мүчөсү Ситора Фармонова жазды. 

Сочидеги "Фестивальный" концерттик залында 2016-жылдын чемпиону "Азия MIX" курама командасы былтыркы сезондун жеңүүчүсү казак командасы "Спарта Номад" менен таймашышты. Оюнда салтка ылайык, командалар башка командалардан досторун чакырышкан. "Азия MIX" командасы менен сахнага "Русская дорога",  АГПУ, Армавир командалары чыгышты. Ал эми казактардын "Спартасы" күчтүү атаандашы "Радио Свобода" командасы менен бириккен. 

Шоунун эфирге качан, кайсы убакытта чыгаары азырынча айтыла элек. 

Ссылка: https://barometr.kg/aziya-mix-komandasy-sochidegi-zhajky-kvn-2018-oyununda-zheishke-zhetti



Добавить комментарий