Азия кубогу-2019. Кыргызстан курама командасынын баштапкы оюнчулар түзүмү жарыяланды
Кыргызстан курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин Азия кубогу-2019 оюнунун алкагында өтө турчу 8\1 финалында ойной турчу баштапкы команданын түзүмүн жарыялады. Бул тууралуу Barometr.kg сайтынын учурда Абу-Дабиде жүргөн кабарчысы Гүлиза Авазова билдирди.
Белгилүү болгондой бүгүн, 21-январда Бириккен Араб Эмирлиги менен Кыргызстан курама командасы Абу-Даби шаарындагы Zayed sports sity стадионунда жарым финалга беттешет.
Баштапкы түзүмгө Филиппиндер менен ойногон 11 оюнчудан турган команданын ошол эле курамы ойномокчу. Жаш дарбазачы Кутман Кадырбеков, чабуулчулар Мирлан Мурзаев жана Виталий Люкс болмокчу.
Команданын толук курамы:
- Валерий Кичин (Капитан)
Тамирлан Козубаев
Мустафа Юсупов
Эдгар Бернхардт
Мирлан Мурзаев
Кутман Кадырбеков
Кайрат Жыргалбек уулу
Виталий Люкс
Фархат Мусабеков
Ахлидин Исраилов
Бекжан Сагынбаев
Добавить комментарий ×