Азимбек Бекназаров: "Жээнбеков Атамбаевдин таасиринен биротоло айрылды, буга ишенгениме 5 күн болду"
Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан курултайда саясатчы Азимбек Бекназаровко да сөз берилди. Ал өз сөзүндө президенттер жөнүндө сөз болуп жатканда мен да өлкө жетекчилерин мактасам дейм, бирок бүгүн аларды сындоо, аларга кылмыш ишин козгоо, алардын кол тийбестигин алуу вазыйпасы жүктөлүптүр деген пикирин билдирди.
Бекназаров бийликке, аракетте турган президентти сындаган докладдан качканын белгилейт. Себеби кыргыз саясий элитасында айрыкча өздөрүн акылдуубуз, интеллигентпиз деп жүргөн социалдык чөйрөдө президентке сын айтуу акылсыздык деп эсептейт. Ал мындан тышкары, Жээнбековдун президенттик кызматты аткарып жатканына бүгүн туптуура бир жыл болгонун, бул аралыкта анын иштөөсүнө эч ким тоскоол болбогонун кошумчалады.
“Сооронбай Жээнбеков экс президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен кызматка дайындалды. Мурунку бийликтин колдоосу менен келген кишинин иштеп кетүүсүнө убакыт керек. Жээнбеков Атамбаевдин таасиринен биротоло айрылды. Буга ишенгениме 5 күн болду”, — деди Бекназаров.
Добавить комментарий ×