Ажалы жок экен! Орусияда 12 жашар кыз 16-кабаттан кулап кетип аман калды

4 февраля 2021 17:43 2988 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын Рязань облусунда 12 жаштагы кыз 16-кабаттан кулап кетип аман калды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Окуя 3-февраль күнү кечинде Москва шоссесинде жайгашкан турак үйдө болгон. Кыз 16-кабаттын терезесинен кулап кетип, тирүү калган, бирок көптөгөн жаракаттарды алган.

Маалым болгондой, жаракат алган кыз ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер анын абалын оор деп баалап жатышат жана ага операция жасалган. Дарыгерлер жаракат алган кызга кабыргалары сынган, башы жаракат алган, ичтин травмасы жана травмалык шок деген диагноз коюшкан.

Ал эми, Рязань облусунун прокуратурасы 12 жаштагы кыздын турак үйдүн 16-кабатынын терезесинен кулап кетиши боюнча тергөө ишин баштады.

Ссылка: https://barometr.kg/azhaly-zhok-eken-orusiyada-12-zhashar-kyz-16-kabattan-kulap-ketip-aman-kaldy



Добавить комментарий