Ажайып кооз! Кызыл китепке кирген ак куулар Токтогул суу сактагычына келип конушту
Токтогул суу сактагычына кызыл китепке кирген ак куулар келип конду. Бул тууралуу Токтогул суу сактагычындагы балыктарды сактоо үчүн жүргүзүлгөн рейд учурунда суу үстүндө сүзүп жүрүшкөн ак кууларды көрүп кызматкерлер видеого тартып алып, Фейсбукка жүктөгөн.
"МамЭкотехинспекциянын өкүлдөрүнүн айтуусунда Токтогул суу сактагычында учурда ак куулар жүрүшөт. Экотехинпексиянын өкүлү Т. Сурапов суу сактагычындагы балыктарды сактоо үчүн жүргүзүлгөн рейд учурунда суу үстүндө сүзүп жүрүшкөн Кыргызстандын кызыл китебине киргизилген Ак куунун жүргөнүн байкашып, алыстан видеого тартып алышкан. Алардын божомолунда ак куулар кыштоо үчүн келишкен.
Ак куулар тынч, таза жана жылуу жайларда кышташат. Токтогул районунун географиялык абалы ак куу канаттуулар үчүн ыңгайлуу. Жергиликтүү адамдардын залакасы тийбесе ак куулар көбөйүшү мүмкүн. Бул үчүн атайын иш чараларды уюштуруу зарылчылыгы бар. Эскерте кетсек, ак куу канаттуусу КР Кызыл китебине кирип, коргоого алынган. Ак кууга аңчылык кылган адамдарга мыйзамда чара көрүү каралган"-деп жазылган.
Мыйзам боюнча бир ак куу атып алган браконьерге 5 миң сом айып пул салынат.
Добавить комментарий ×