Азербайжандын президенти кыргыз элин жана Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады
Поделиться в:
Азербайжан республикасынын президенти Ильхам Алиев Кыргызстан элин жана КР президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.
«Сизди жана сиз аркылуу өлкөнүн бардык мусулмандарын өз атыман жана Азербайжан элинин атынан ислам дүйнөсүндөгү ыйык Курбан Байрам менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бул өзгөчө майрамда сизге чың ден-соолук жана бак-таалай, ал эми бир тууган Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», - деп белгиленет Азербайжандын президентинин куттуктоо телеграммасында.
Добавить комментарий ×