Азербайжанда 10 миллионунчу жаран төрөлдү

10 апреля 2019 09:04 755 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Азербайжанда 10 миллионунчу жаран төрөлдү. Наристе үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде жарык дүйнөгө келген. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 10 миллионунчу жаран Азербайжандын борбор шаары  болгон Бакуда төрөлгөн. Бою 52 сантиметр ал эми салмага 3,6 кг болгон кыз наристе.

Кыздын ата-энеси Рауф Гасанов менен Нигяр Оджагова да кубанычы койнуна батпай турган чагы.

Ссылка: https://barometr.kg/azerbajzhanda-10-millionunchu-zharan-trld



Добавить комментарий