Азербайджандын президенти Ильхам Алиев жубайын жаңы жооптуу кызматка дайындады
Азербайджандын биринчи вице-президенти, биринчи айым Мехрибан Алиева бийликтин “Новый Азербайджан” партиясынын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу “РИА Новостиге” шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
5-мартта “Новый Азербайджан” партиясынын кезексиз курултайы болуп өттү. Съездде өткөн мезгил ичинде жасалган иштер жөнүндө отчеттор угулуп, партиянын башкаруу структуралары кайрадан түзүлгөн.
“Новый Азербайджан” партиясынын жаңы уставына ылайык, партиянын төрагасы, президент Ильхам Алиевдин буйругу менен Мехрибан Алиева партиянын төрагасынын биринчи орун басары, Али Ахмадов - партиянын төрагасынын орун басары, Тахир Будагов - партиянын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Азербайджандын президенти кайрадан башкаруучу партиянын төрагасы болуп шайланды.
“Новый Азербайджан” партиясы дээрлик 742 200 мүчөсү бар бийликчил президенттик партия. 1995-жылдан бери анын өкүлдөрү өлкө парламентиндеги көпчүлүк орундарды ээлеп келишет.
Ссылка: https://barometr.kg/azerbajdzhandyn-prezidenti-ilham-aliev-zhubajyn-zhay-zhooptuu-kyzmatka-dajyndady
Добавить комментарий ×