УКМК: Aзаттыктын журналисти Саймаитиден 100 миӊ доллар акча алган
Азаттыктын журналисти Саймаитиден 100 миӊ доллар акча алган.
Мындай маалыматты УКМКнын тергөө кызматынын башчысы Сагындык Самидин уулу, бүгүн 2-майдагы Кытайлык ишкер Саймаитинин өлүмүн иликтеген комиссиянын отурумунда, депутаттын суроосуна жооп берип жатып айтты.
Маалыматына ылайык, Саймаити "Азаттык" радиосунун кызматкери менен байланышта болгону тууралуу күбөлөр жана аны тастыктоочу банктын документтери бар экенин билдирди. Ошондой эле 100миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын Саймаити журналистке мурда чогу иштешкен уйгур улутундагы Кытай ишкери Хабибулла Арзыкуловдон карызын өндүрүп алуу үчүн бергенин күбөлөр айтышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/azattyktyn-zhurnalisti-sajmaitiden-100-mi-dollar-akcha-algan
Добавить комментарий ×