Замир Сыдыков: «Азаттык» радиосунун оператору жабыр тартканы боюнча эч кандай белгилер катталган эмес
3-октябрь күнү «Азаттык» радиосунун оператору А.К.нын жана башына дрон түшүп кетти делген жарандын соттук-медициналык экспертизасынын корутундусу чыкты. Бул тууралуу Barometr.kg маалымат агенттигине Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Соттук экспертизанын жыйынтыгы боюнча 1989 -жылы туулган жаран денесинен жеңил жарат алган, убактылуу 7күндѳн 21 күнгѳ чейин жумушка жарамсыз. Жарат алуусунун себеби башына жумуру катуу нерсе тийгенден улам деп белгилегени айтылат.
Ал эми «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов жабыр тартканы боюнча эч кандай белгилер жок» деген жыйынтык чыккан. Замир Сыдыковдун айтымында Айбек Кулчуманов «баш мээм чайкалган болушу мүмкүн» деп көрсөткөнүн, бирок ал дарыгерлер тарабынан аныкталбаганын айтты. Денесинен жаракат алганы да байкалбаганын кошумчалады.
Эске салсак, 28-сентябрда Ош шаарында Айбек Кулчуманов дрон аркылуу тасмага тартып жүргөн учурунда белгисиз жигиттер анын артынан келип,колундагы техникасын, документтерин жана түшүп жүргөн автоунаасынын ачкычын тартып алышкан.
Айбек Кулчумановдун арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Топ адам тарабынан уюшкан каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгогон.
Добавить комментарий ×