“Азаттык Медиа” менен Матраимовдордун тиреши ИИМге чейин жетти

2 октября 2019 15:51 2535 Barometr
Поделиться в:
ok

Ички иштер министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин кызматкерлерине байланыштуу катталган кылмыш иши боюнча билдирүү таратты. Анда бул иш толугу менен министрликтин жетекчилигинин көзөмөлүндө тургандыгы жана ал кылдат иликтенээри белгиленет.  

Учурда тергөө, иликтөө ыкчам иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу тергөөнүн купуялуулугун эске алуу менен тергөөгө тиешелүү жагдайларды ачыктоону убагы келгенде билдиребиз. ИИМ “Азаттык Медиа” мекемесинин кызматкерлерине байланыштуу жагдай кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү рээстрине катталгандыгын жана окуя толугу менен кылдат жана акыйкат иликтене тургандагын белгилейт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ош милициясы буга чейин маалымат таратып, «Азаттыктын» чыгармачыл тобун Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнө алып барган жеке таксисттин да өздүгү аныкталып, окуя боюнча көрсөтмөлөрүн бергенин, милиция учурда окуя боюнча жаңы күбөлөр болсо аларды аныктоо, көрсөтмө алуу боюнча иштерин улантып жатканын билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/azattyk-media-menen-matraimovdordun-tireshi-iimge-chejin-zhetti



Добавить комментарий