Азат Үсөналиев дүйнө чемпионатында Олимпиада чемпиону, өзбекстандык мушкерге чыкты
Кыргызстандык белгилүү мушкер Азат Үсөналиев бокс боюнча дүйнө чемпионатында жарым чейрек финалда Өзбекстандык мушкер, Олимпиада чемпиону Шахабиддин Заиров менен беттешке чыгат. Беттеш ушу тапта башталганы жатат.
Бул тууралуу жеринен Кыргызстан улуттук курамасынын машыктыруучулар кеңешинин мүчөсү Шайлообек Атазов “barometr.kg” сайтына билдирди.
Анын айтымында, Азат бул беттешке мыкты даярданган. Учурда өзгөчө токтоолук менен беттешке чыкканы жатат.
Эске сала кетсек, 52 кг самакта мелдешип жаткан мушкерибиз Азат буга чейин румыниялык Мариан Габриэль Чиопу’ну уткан.
Орусиянын Екатеринбург шаарында бокс боюнча мааракелик XXV дүйнө чемпионатынын бешинчи күнү өтүп жатат. Анда дүйнөнүн 76 өлкөсүнөн келген 450дөй мушкер күч сынашууда.
Ссылка: https://barometr.kg/azat-snaliev-djn-chempionatynda-olimpiada-chempionu-zbekstandyk-mushkerge-chykty
Добавить комментарий ×