Азат Эркинбаев: Кыргызстандын балбандары жакшы күрөштү
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбаев балбандардын дүйнө чемпионатына катышуусун жакшы деп баалады. Бул тууралуу ал жеринде жүргөн “Barometr.kg” сайтынын жеринде жүргөн кабарчысына билдирди.
“Балбандарыбыз жакшы күрөшүштү. Дүйнө чемпионаты оңой мелдеш эмес. Тап-такыр лицензия албай калган командалар болду. Биздин балдар мындан да жакшы күрөшсө болмок, бул спорт”, - деди грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан курамасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбаев.
Ал Кыргызстан курамасында Токио Олимпиадасына лицензия алууга дагы мүмкүнчүлүгү бар экенин, ал үчүн дагы да мыкты даярдык көрүлөрүн кошумчалайт.
Машыктыруучу ошондой эле кийинки мелдештерде Азия чемпиону Акжол Махмудов да катышаарын белгиледи. “Ал жаракат алып калганын жакшы билесиздер. Арыз сакайып, машыгуу процессин баштады. Эми келерки жылы өтүүчү лицензиялык мелдештерге катышат”, - дейт ал.
Эске сала кетсек, спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жатат. Анда ар бир салмакта 1-ден бешинчиге чейинки орунду камсыздаган балбандарга 2020-жылы Токио өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо берилет.
Грек-рим күрөшү боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Кыргызстандык балбандар бул мелдештен бир лицензия утту. Аны 87 кило салмата таймашкан Атабек Азисбеков колго киргизди. Атабек жалпы эсепте 5-орунду камсыздады. Ал эми 130 кг салмакта Мурат Рамонов 7-орунга жетти.
Мындан сырткары 63 кг салмакта ат салышкан Тынар шаршенбеков 5-орунга татыды. Бирок бул салмак олимпиадалык эмес болуп саналат.
Ссылка: https://barometr.kg/azat-erkinbaev-kyrgyzstandyn-balbandary-zhakshy-krsht
Добавить комментарий ×