Акылбек Жамангулов: Бүт өлкөнү 4G байланышы менен камсыздайбыз

16 августа 2019 13:40 3076 Barometr
Поделиться в:
ok

MegaCom компаниясы абоненттерди  жогорку сапаттагы мобилдик байланыш жана ыкчам интернетменен камсыз кылуу максатында, ишкананын техникалык адистери түйүндү кеңейтүүжана оптималдаштыруу боюнча учурда тынымсыз иш алып барууда. Уюлдук оператордун башкы директору Акылбек Жамангулов  компаниянын техникалык өнүгүү пландары боюнча  айтып берди. 

- Учурда телекоммуникациярыногу тынымсыз өнүгүүдө жана  техникалык жактан жаңыланууну талапкылып турган мезгил, бул багытта сиздерин компанияда кандай иштер жүрүпжатат?  MegaCom бүгүнкү күндө замандын талабына жооп берген  уюлдук компания деп айтсак туураболобу?  

- Бул компанияда иштегениме 8 ай болуп алды. Менжаңыдан ишке киришкенде техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу жагы аянычтууабалда эле, себеби компанияда көптөн бери  техникалык өнүгүү болгон эмес.Бардык тапкан таза киреше толугу менен дивиденд түрүндө бюджетке которулуптурган,  базалык станциялардын санын көбөйтүү жана 4G байланышын жайылтууиштери көз жаздымда калтырылган. Президенттин жана өкмөттүн колдоосу менен булжылы  тапкан кирешенин көпчүлүк бөлүгү техникалык өнүгүүгө жумшалмай болдужана  бул багыттагы жумуштарды аткарууга белсене кириштик. 4G байланышыменен  жыл аягына чейин республикадагы калк отурукташкан аймактын 95пайызын камсыз кылуу планыбызда бар.  Мисал катары айтсам, өткөн жылытүйүндү кеңейтүү багыты боюнча 4 монтаждык бригада иш алып барса, бул жылы 20бригада  күнү- түнү иштеп жатат. БОБЛ (Була- оптикалык байланыш линиясы)багыты боюнча курулуш иштери улантууну мерчемдеп жатабыз. Бул болсо, өзкезегинде,  алыскы айыл-кыштактарга 4G байланышын жеткирүүгө өбөлгө түзөт.Техникалык өнүгүү иштери келечекте 5G стандартына  өтүүнү эске алуу мененаткарылып жатат.

- Техникалык базаны модернизациялоонун үстүндө ишжигердүү жүрүп жаткандыгы байкалып турат. Абоненттер тарабынан компаниянын дарегине   айтылып жаткан нааразычылыктар чындыкка далкелеби? Абоненттик төлөмдү киргизүү менен байланышы барбы?

- Жок, дагы бир жолу айткым келет,  “Кимчалды?” кызматы эле эмес,  башка дагы 30-40 чамалуу  кызматтарыбыздантүшкөн киреше, компаниянын бюджетинин 0,01%  түзөт, компаниянын өнүгүүсүүчүн бул каражат анча чоң ролду деле ойнобойт. Бүгүнкү күндө  Чүйоблусунда жана Бишкек шаарында,  ошондой эле  башка облустардагыабоненттерибизге байланыштын жакшырып жаткандыгы байкалууда. Менин оюмча,жылдын аягына чейин өлкөбүздүн  алыскы аймактарын дагы  4G байланышыменен толук кандуу камсыздай алабыз. MegaCom ийгилик чыйырында келе жатканкелечеги кең компания экендигине ишенем!


 

Ссылка: https://barometr.kg/azamat-zhamangulov-bt-lkn-4g-bajlanyshy-menen-kamsyzdajbyz



Добавить комментарий