Азамат Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагалыгынан кетти

12 августа 2020 18:02 1670 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү төкмө акын Азамат Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы кызматынан кетти. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

“2017-жылы Жогорку Кеңештин тандап алуусунун негизинде КТРКнын Байкоочу кеңешине “Айтыш” коомдук фондунан көрсөтүлүп, коомдук квота (Президенттин жана Жогорку Кеңешинин да квотасы бар) менен өткөм. Быйылкы жылдын 6-февралында кеңешке төрага болуп шайлангам. 3 жыл алкагында сунуш, пикир, талаш-тартыш маселе кыйла эле жүрдү, чын дилимден мыйзамда көрсөтүлгөн талап боюнча иш алып барганга аракет кылдым. Төрагалык учур пандемияга туш келгенине байланыштуу дээрлик жыйынга чогула алган жокпуз, болгону май айынын аягында мыйзамда көрсөтүлгөн тартип боюнча Жогорку Кеңешке отчёт бердик. 11-август 2020-жыл Кеңештин төрагалык жана мүчөлүк укугумду өз каалоом менен токтоттум. Колдон келген иш болду, албетте колдон келбегени да болду. Колдоо көрсөткөн ар бир инсанга ыраазычылык билдирем. Коомдук квотадан шайланганыма байланыштуу колумдан келбеген иш болсо коомчулуктан кечирим сурайм. Өмүрүмө да, өнөрүмө да өбөлгө болгон “Айтыш” коомдук фондунун мага ишеним артканына ыраазымын. Кыргыз элинде ынтымак жана ырашкерлик болсун», - деп жазган Болгонбаев.

Ошондой эле, кеткендин баары эле шайлоого барат деген сөздөр болбош үчүн, алдын ала түшүндүрмө берип өттү.

“Кеткендин баары эле шайлоого барып жатат, мен шайлоого барбайм, чыгармачылык ишим менен алек болом», – деп кошумчалады ал.

Ссылка: https://barometr.kg/azamat-bolgonbaev-ktrknyn-bajkoochu-keeshinin-tragalygynan-ketti



Добавить комментарий