Азамат Болгонбаев: КТРКга ким келсе да баары бир бийликтин буйругу менен иш алып барат

9 октября 2020 09:52 1225 Barometr
Поделиться в:
ok

КТРКда байкоочу кеңештин мүчөсү, акын Азамат Болгонбаев 6-октябрдан ушул күнгө чейин имараттын ичиндеги болгон ызы-чуулу окуяларга токтолуп кетти. Бул тууралуу анын фейсбук баракчасына калтырган маалыматына шилтеме берип Барометр” билдирет.

“6-октябрь эртең менен Алманбет Шыкмаматов Чынара Капарованы КТРКга координатор кылып таштап кетиптир, КТРК жамааты Мирлан Самыйкожону сунуш кылды. Ал учурда иштеп жаткан башкы директор Жайнак Үсөн уулу өз каалоосу менен арыз жазып, Кеңештин мүчөлөрү арызын канаатандырды. Андан кийин талаш башталды. Чынара айымдын да, Мирлан мырзаны да колдогон сүрөөнчүлөрү бизди тегеректеп алды. Бир учурда Чынара Капарова: “КТРКны сактайлы, мени “Ала Тоо 24” каналына продюсер кылсаңар, Мирлан иштеп жаткан “Маалымат” борборунда ишин алып барса, Кеңеш өз араңардан башкы директордун милдетин аткаруучу шайласаңар биз колдоп иштешели”- деген оюн билдирди. Ошентип Кеңештин чечими менен Жылдыз Бакашева директордун милдетин аткармай болду, Мирлан менен Чынара айымды сүрөгөндөр да, айрым кызматкерлер да макул болуп тарай баштады.

Кечинде интернеттен КТРК кызматкерлеринин жана элден келген топтун чечими менен Мирлан Самыйкожо директордун милдетин аткара баштаганын, КТРКны Улуттук кылабыз деген ойлорун жана Байкоочу Кеңешти таратабыз деген жалпы кызматкерлердин чечимдерин уктум. Ооба Мирлан менин жакын досум, бирок акыйкат жана мыйзамдуулук биздин достуктан жогору турушу керек. Мен Байкоочу кеңешти таратууга, КТРКга Улуттук макам берүүгө макулмун, бирок баардык нерсе мыйзам алкагында чечилип жана меселе анархиялык жол менен аныкталбашы керек. Кеңеш шайлаган “ИО” менен иштешип турушу керек эле.

Жайнак Үсөн уулу менен 1,5 жылдай иштештик чын дилинен иш алып барганга аракет жасады, колдон келишинче өз алдынча иш алып барганга далалат кылып жатты. Иш болгон жерде кемчилик болбой койбойт экен, кемчилиги да болду. Жеке иштер менен алек болуусун каалайт элем, себеби билими да тажрыйбасы да жетиштүү.

 29-жылда КТРК Акаевге, Бакиевге, Атамбаевге, Жээнбековго кызмат кылды, жаман көрүндү, ар кандай “кличкага” ээ болду. Бирок алардын баары кетти, саясаттын табияты ушундай экен, өмүрү да, жолу да кыска болот экен. Ал эми КТРК чагылдырган руханий дөөлөттөр, улуттук мурастар сакталып кала берди. КТРКда байдын балдары, бийдин туугандары иштебейт, чыгармачылыгын туу туткан, аз айлыкка баш сайып иштеген өнөр адамдары кызмат кылат. Акыркы күндөрү КТРКны саталы, жойолу деген пикирлер айтыла калып журөт, ооба руханий мурас улуттук дөөлөт кереги жок болсо сатып, кырып, жоюп жиберели. КТРКда саясий кемчилик абдан көп, бирок ошол эле учурда улут үчүн, эл үчүн карапайым кызматкерлер кылган руханий иштерди да жокко чыгарбайлы.  КТРКга мен кыйын деген журналистти директор кылып алып келсең да, бийликке ыктап иш алып барат. КТРК калыс болуш үчүн жетекчилер калыс болушу керек, тактап айтканда президент, өкмөт башчы, ЖК төрагасы калыс болушу керек. КТРК калыс болушу үчүн сен дагы мен дагы Кыргыз Республикасына калыс жетекчи шайлашыбыз керек!”, -деген кайрылуу калтырган

Ссылка: https://barometr.kg/azamat-bolgonbaev-ktrkga-kim-kelse-da-baary-bir-bijliktin-bujrugu-menen-ish-alyp-barat



Добавить комментарий