150дөн аз окуучу окуган аз комплекттүү мектептерди каржылоо механизмин издешүүдө

27 сентября 2019 15:54 3890 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоо маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Бишкек шаардык мэриясынын (макулдашуу боюнча), билим берүү уюмдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирген жумушчу топ түзүүнү тапшырды.

Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарын каржылоонун типтүү ченемдерин ар бир окуучуга, билим берүү уюмдарынын заманбап керектөөлөрүн эске алуу менен кайра карап чыгуусу, ошондой эле 150дөн аз окуучу окуган аз комплекттүү мектептерди каржылоо механизмин иштеп чыгуусу зарыл.


 

Ссылка: https://barometr.kg/az-komplektt-mektepterdi-karzhyloo-mehanizmin-ishtep-chyguusu-zaryl



Добавить комментарий