Аюу Subaru унаасын айдай качып, даракты сүздү
АКШнын Колорадо штатынын полициясы ачык калган Subaru унаасына түшүп алган аюу жөнүндө кызыктуу окуя болгону тууралуу маалымдады. Мындай жаңылыкты abcnews.go.com кабарлады.
Аюу унаага түшкөндөн кийин эшик жабылып калып, жаныбар салондо калган.
Катуу корккон жырткыч эркиндикке чыгуунун жолун издеп, унаанын ичин тыткылап кирген. Бул башаламан кыймылда аюу байкабай рычагды түртүп алган жана унаа жылып жөнөгөн.
30 метрдей жүргөндөн кийин унаа даракты барып катуу сүзгөн.
Бул окуядан кийин Боулдердин полициясы айдоочуларга унааны дайыма бекитип жана алардын ичине тамак-аш койбоону эскертти, анткени аюулардын жыт алуу сезими абдан өнүккөндүктөн алар канча чакырым болсо да тамакты издеп келишет.
Ссылка: https://barometr.kg/ayuu-subaru-unaasyn-ajdaj-kachyp-darakty-szd
Добавить комментарий ×