Аянттагы сагыздарды колу менен тазалаган “Тазалык” кызматкерлерине элдер алкыш айтышууда

24 сентября 2020 15:20 916 Barometr
Поделиться в:
ok

Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтындагы плиталарга жабышып калган сагыздарды колу менен тазалап жаткан "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери соцтармактан колдоо табышты. Бул тууралуу соцтармактагы маалыматтарга шилтеме берип  “Барометр” билдирет.

Буга чейин, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иштеп жаткан сүрөттү мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова соцтармакка жарыялаган. Көп өтпөй эле тазалыкчылардын бул кызматы интернетте кызуу колдоого арзыды.

Айрымдары шаар тургундарын тазалыкка чакырса, кээ бирлери тазалыкты сактабаган жарандарга наалат аййтышты.

“Түкүргөндөргө карата кайрадан айып пул киргизиш керек. “Тазалык” кызматкерлерине чоң таазим. Бизди таза шаарда жашасын деп кылган эмгегиңиздер бааланышы керк”, -деген комментарийлерди калтырышууда.


Ссылка: https://barometr.kg/ayantyndagy-sagyzdardy-kolu-menen-tazalagan-tazalyk-kyzmatkerlerine-elder-alkysh-ajtyshuuda



Добавить комментарий