Аянтка чогулган атамбаевчилерди милиция күч менен таркатты
Поделиться в:
Ала-Тоо аянтында чогулган Атамбаевчилерди милиция күч менен таратты.
Калканчан милициялар Ала-Тоо аяндына чогулуп кыйкырык салгандарды күч менен таратты. Анда кулак тундуруучу жана жаш агызуучу жардыруучу каражаттарды колдонду.
Көп жолу тарсылдаган үндөр, андагы чыккан газ аянтка чогулгандарды качырды. Учурда абал басаңдады. Көчөлөрдө топтошкондор жок эсе.
Учурда Чүй проспектисинде унаа кыймылы жанданды. Буга чейин аянтка чогулган атамбаевчилер ал жердеги тосмолорду сындырып, жолду тосушкан болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/ayantka-chogulgan-atambaevchilerdi-miliciya-kch-menen-tarkatty
Добавить комментарий ×