Аялына ачуусу келген киши жарым миллион доллар утуп алды
АКШнын Виржиния штатынын Колониал Бич шаарынын тургуну аялынын кулактын кужурун алган каалоосун орундатам деп лотереядан 500 миң доллар утуп алды. Бул тууралуу UPI сайты жазды.
Ага ылайык, Харланд Додсон аттуу киши аялына тамеки күйгүзүү үчүн чакмак (зажигалка) алуу үчүн дүкөнгө келип, өзүнө жана аялына лотерея алган. Билеттердин бири аларга 500 миң доллар утуш алып келген.
Додсон 500 миң доллар утуп алганын аялына айтканда ал ишенбей "далил" алып кел дегенин жылмаюу менен эскерет.
Жубайлар ири суммадагы акчаны кайда корото турганын такташкан эмес.
Ал ортодо лотерея ойноткон компания жарым миллион утуп алуу мүмкүнчүлүгү 652 800 кишиге бирөө гана туура келгенин белгилешти.
Ссылка: https://barometr.kg/ayalyna-achuusu-kelgen-kishi-zharym-million-dollar-utup-aldy
Добавить комментарий ×