Аялын өлтүргөндөн кийин өз жанын кыйды
Нарын областынын Жумгал районунда эркек киши аялын өлтүргөндөн кийин өзү муунуп өлгөн. Бул тууралуу Нарын областынын ички иштер башкармалыгы билдирди.
5-мартта Чаек айылында орто жаштагы аялдын сөөгү, ошондой эле муунуп каза тапкан эркек кишинин сөөгү табылган. Окуя болгон жерге Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барган.
Каза тапкандардын ким экени такталды, алар 51 жаштагы үйдүн кожоюуну Д. К. жана анын жубайы 48 жаштагы А. Н болуп чыкты. Аялдын денесинен зомбулук менен өлтүрүлгөн тактар табылды. Жубайлардын сөөгү моргго жеткирилди.
Кийинчерээк алар эркектин 80 жаштагы апасы менен бирге турушканы белгилүү болгон. 4-мартта жумбайлар уруша кетип Д. К. аялын сабап өлтүргөн.
Тергөө иштери башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/ayalyn-ltrgndn-kijin-z-zhanyn-kyjdy
Добавить комментарий ×