Аялы көзүнө чөп салганын билген эркек өзүн жана балдарын өлтүрүп койгон

28 декабря 2020 09:36 2219 Barometr
Поделиться в:
ok

Уфа шаарынын 37 жаштагы тургуну Фазил Халиков аялы менен урушуп кетип, алты жашар уулун, бир жашар кызын өлтүрүп, өз жанын кыйган. Бул тууралуу"Комсомольская правдага" шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Эске салсак, трагедия 26-декабрь күнү Башкирияда болгон. Аялынын башка бирөө менен мамиле куруп алганын билгенден кийин, эркек киши балдарды алып, белгисиз тарапка кетип калган. Бир нече убакыт өткөндөн кийин, Халиков аялына телефон чалып, кызы каза болгонун, уулу да жакын арада каза болорун айткан.

Ал ушундай эле билдирүүнү агасына да жөнөткөн. "Байке, жакшысызбы? Менин аялым менин көзүмө чөп салып жүрүптүр, бүгүн күнөөнү мойнуна алды. Ал башка бирөөнү сүйүп калыптыр, корпоративдик кечеде башка эркек менен бирге болгонун айтты. Мен балдарды өзүм менен кошо алып кетем", - деп билдирүү жөнөткөн Халиков. Андан кийин ал байланышты жакындары менен үзүп койгон.

Бир нече сааттан кийин полиция унаадан каза болгон эки наристени жана алардын атасынын сөөгүн табышкан. Көрсө, адам унаанын эшиктерин жаап салган, андан кийин алардын бардыгы көмүр кычкыл газына ууланып каза болушкан.

Окуянын алдында Халиков аялына телефон чалууга аракет кылган, бирок ал телефонго жооп берген эмес. 

Кийинчерээк аял өзү полиция кызматкерлерине корпоративдик кечеде күйөөсүн кесиптеши менен алмаштырганын айтып, үйүнө келгенде ал аны мойнуна алганын билдирген. Ушул негизде, жубайлар катуу урушушкан, Халиков сүйүктүүсү ага ушундай кылганына ишене алган эмес. Аял жуунуп жатканда, ал балдарды алып белгисиз жакка кетип калган.

Ссылка: https://barometr.kg/ayaly-kzn-chp-salganyn-bilgen-erkek-zn-zhana-baldaryn-ltrgn-ufa-shaaryndagy-kanduu-okuyanyn-choo-zhajy



Добавить комментарий