Аялы бар эркектердин эч кимге айтпаган сөздөрүн биле жүрүңүз!

10 августа 2019 18:01 33592 7 Barometr
Поделиться в:
ok

Үй-бүлөлүк жашоодо эркектерди эмне тажатат? Алар өздөрүнүн аялдарына кандай нааразылыктарды билгизишет. Бул тууралуу barometr.kg жооп издеп көрдү жана соболдун жообун тапты.   

Негизи эле эркектер дарыгерлерден башкаларга көп даттана бербейт. Бирок алар психологго барганда төмөнкү нааразылыктарын көп айтышат.

1. “Ал мени доңуз деп ойлойт”

“Кудай үчүн айтып коюңуз, аялым мени доңуз деп ойлойбу, анткени анын ар бир каалоосун айтпаса эле жон терим менен сезип турушум керек дегендей мамиле кылат”. Бул эркектердин аялына карата нааразы болгон учурларынын сап башында турат. Ошондуктан аялдар жубайларына ага эмне керек экенин так айтышы керек. Мисалы, “мага норка шуба алып бер”,-деп. Аялдар болсо “кошунанын аялы алыптыр”, “ага жакшы жарашып калыптыр”, “элдин күйөөлөрү алып берет” экен деп кыйыта бергенди жакшы көрүшөт.

2. “Ушунун баарын түнкү саат 12де айтыш керек беле?”

“Мен уктайын деп баштасам аялым, ремонт кылыш керек деген кепти баштайт же кесиптешинин бирөөнү айтып даттанат. Жок мен баарын түшүнүп турам бирок эрте туруп жумушка кетеримди ойлоп койсо боло?”.

Аялдар күйөөсүнө ушундайча арызданып жатса анда чыны менен жагдай оор экенинин белгиси. Ошондуктан мындай учурда мырзалар ага түшүнүү менен мамиле кылышы керек. Ошол эл маалда аялдар дагы мындай сөздөрдү кечки тамактан кийин сүйлөшкөнү жакшы.

3. “Ал мени таптакыр баалабайт!”

“Күйөөлөрдүн башка бирөө менен кетип калышы же көзгө чөп салуусу бул төшөк мамилесинин бир беткейлигинен эмес, аялы анын кылган аракеттерин баалабай, ага эркек катары суктанбай калганда келип чыгат. Ошондуктан эркектер өз баасын башка жактан көтөрүүнүн жолун издейт”,-дейт америкалык  үй-бүлөлүк психолог Гэри Ньюмен.

 4. “Ал менин ата катары кадырымды түшүрөт”

Эркектердин дагы келише албаган бир мүнөзү балдарды тарбиялоого байланыштуу.Көпчүлүк эркектер баланы катуу кармап тарбиялайын дегенде апасы болуша берет деп даттанышкан.

 5. “Аны секс кызыктырбайт”

Албетте, төшөк мамилеси тууралуу  кантип даттанышпай калсын.Көпчүлүк мырзалар аялдары сексуалдык жактан активдүү болбой калышты деп таарынышат экен. Албетте аялдын түйшүгү көп, муну эркектер дагы туура түшүнүүгө тийиш.Ошондой эле бул темада аялы менен күйөөсү көп сүйлөшүү керектигин айтышат.

 6. “Биздин нике ал үчүн эч кызыксыз болуп калды”

Эркектердин даттанууларынын акыркы рейтингин “Балдар, карьера, сулуулук салондору, курбулары менен жолугушуу ошонун аягында гана биздин нике аны ойлондурат” деген таарынычтар түзөт экен.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ayaly-bar-erkekterdin-ech-kimge-ajtpagan-szdrn-bile-zhrz



Добавить комментарий