Видео. Аялды кызы үчүн коркутушуп, секс талап кылган эркектер кармалды

6 июня 2019 15:52 9185 Barometr
Поделиться в:
ok


Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын 4-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан  аялды опузалап акча талап кылгандар кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

28-майда Бишкектин тургуну Т.А. белгисиз адамдар өздөрүн күзөт кызматында иштейбиз деп тааныштырып, 10 миң сом акча талап кылышканын айтып арыз берген. Алар видеобайкоодон аялдын жашы жете элек кызынын туура эмес кылык-жоруктарын байкап калышканын, аял акча бербесе аны элге жарыялашарын айтып опузалашкан.     

“Мындан тышкары алар акчанын бир бөлүгүн индимдик жакындык кылып төлөп берүүсүн талап кылышкан”,-деп кабарлашты милициядан.

Учурда КРнын Кылмыш кодексинин 203-беренеси боюнча кылмыш иши козголду, опузалаган эркектердин бири кармалып, камакка алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/ayaldy-kyzy-chn-korkutushup-seks-talap-kylgan-erkekter-karmaldy



Добавить комментарий