Аялдарга зыян алып келе турган кийимдер кайсылар?

14 января 2022 09:38 3109 Barometr
Поделиться в:
ok

Айымдарга зыян алып келе турган кийимдер да бар экен. Дарыгерлер алардан мүмкүн болсо баш тартууну жана азыраак кийүүнү сунушташат. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Ичке джинсылар

Джинсынын мындай түрү ар бир кыздын гардеробунда бар. Айрыкча ичке моделдер популярдуу. Анан калса көбү бир размер кичине алышат. Мындай джинсылар менен  арыкчырай кыздар абдан келбетүү көрүнөт, бирок аны дайыма кийип жүрүү веналардын варикоздук кеңейишине кандын айлануу циркуляциясынын бузулушуна алып келери аныкталган.

Тар жана ыңгайсыз бюстгальтер

Тар жана ыңгайсыз көкүрөк тарттыргычтар онкологиялык ооруларга алып келиши мүмкүн экенин дарыгерлер белгилешүүдө. Ошондой эле алардын кенен болушу дагы көкүрөктүн формасынын жоголушуна алып келет.

Бийик такалуу бут кийимдер

Бийик жана өтө эле ичке такалуу бут кийимдер күнүгө кийиш үчүн эмес кечелерге кийиш үчүн чыгарылганын дагы бир ирет эскертишет. Эгерде күн сайын шпилька кие бер турган болсоңуз бел оорусу, варикоз, омуртка оорулары пайда болот.

Ссылка: https://barometr.kg/ayaldarga-zyyan-alyp-kele-turgan-kijimder-kajsylar



Добавить комментарий