Аялдардын миңдеген интимдик сүрөттөрү Интернетке тарады

23 мая 2019 11:07 3086 Barometr
Поделиться в:
ok

Интернет желесине жылаңач аялдардын сүрөттөрү жайылып кеткенин Лента.ру сайты маалымдады.

Великобританиянын тургуну Микала Монсундун өзүнүн сүрөтү салынган шилтемени досу жиберген.

Британиялык айым сүрөттөрүнүн Интернете жайылышы бириничи ирет болуп жатпаганын, таңкалычтуусу хостингде миңдеген сүрөөтөр сакталганын билдирген. Бардык фотолор аялдардын аттары жазылган папкаларга салынган. Ошондой эле жашаган шаарларына жараша бөлүнгөн.

Мындай аракеттер миңдеген аялдарга зыянын тийгизерин айткан кыз башкалардын интимдик сүрөттөрүн жыйноо жийиркеничтүү аракет экенин кошумчалады. Башка бирөөлөрдүн сүрөтүн уурдап, Интернетке жайылткандарды табуу үчүн Микала полицияга кайрылган.

Бирок полиция участкасында кызык окуя болду. Кыз полицейлерге файлдарды бөлүшүүчү боюнча түшүндүрүүгө аргасыз болду. Андан улам жөнөкөй терминди билбей туруп, кибердик кылмыштарды кантип иликтеринен күмөн санап кайткан.  

Миңдеген интимдик сүрөттөр жүктөлгөн хостингге маалымат каражаттары кайрылууда. Компания жетекчилиги мындай сүрөттөрдү салган адамдын кирүүсүнө тыю салынарын убада кылды. Бирок британиялык айым фотолор дале өчпөй турганын, каалагандар пайдаланышы мүмкүн экенин айтып тынчызданууда.

Ссылка: https://barometr.kg/ayaldardyn-midegen-intimdik-srttr-internetke-tarady



Добавить комментарий