Аялдардын көкүрөгү эмнеге формасын жоготот?

12 апреля 2023 10:10 8528 Barometr
Поделиться в:
ok

Формасын жоготпогон көкүрөктөр мырзалардын кыялы. Бирок космоско спутниктер учурулуп, роботтор өнүгүп, нанотехнология укмуш ачылыштарды жасап жаткан заманда аялдардын көкүрөгү эмнеге шалпайып каларына окумуштуу мырзалар баш оорутуп келишет. Төмөндө көкүрөктүн формасын жакшынакай кармап турууга тоскоол болгон бир нече факторлорду сунуштайбыз. Аларды эске алуу менен айымдар жакшынакай келбетин сактап жүрсө болот деп эсептешет. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Витаминдердин жетишсиздиги

Сүт бездеринин тканы аскорбин кычкылына жана В витаминине муктаж. Алар бюстун чың болуп турушуна шарт түзгөн коллагендин иштелип чыгышына жардам берет.

Пирожный, конфет, чипсыларды  ашыкча колдонуу

Кайсы гана таттуу азыкты болбосун ашыкча колдонуу көкүрөктөгү май ткандарынын бузулушуна алып келет.

Салмактын өйдө-төмөн болуусу

Катуу кармаган диета жана тез арыктоо көкүрөктүн формасынын жоголушуна алып келет.Ошондуктан арыктаган сайын туура өлчөмдөгү бюстгальтер тандап анын формасын кармаганга аракет кылуу керек.

Эт жегенден баш тартуу

Белокту аз колдонуу көкүрөктүн көркүн жоготорун тажырыйбалуу пластикалык хирургдар, дарыгер маммологдор эскертишет.

Тамеки чегүү

Чылым чегүү да ушундай абалга алып келет.

Уктаганда көкүрөк тарткычты чечип салуу

Бул үчүн жумшак спорттук моделдеги бюстгальтерди колдонуп уктаган оң.

Күндүн ультрафиолет нурларын ашыкча алуу да зыян алып келет.

Көкүрөк тарткычтын туур эмес размерде тандалышы да анын формасына чоң таасирин тийгизет.

Ссылка: https://barometr.kg/ayaldardyn-kkrg-emnege-formasyn-zhogotot



Добавить комментарий