Аялдарды эрте карыткан гормондор кайсы?
Адамдын организминде ондогон гормондор бар. Алардын арасындагы алтоо аял затынын келбетине чоң таасир берет.
Теринин ийкемдүүлүгүнѳ, таасир берүүчү гормондор. Эгер алардын бирѳчсүндѳ гана маселе болсо анда эрте карый баштайсыз.
1. Дегидроэпиандростерон (ДГЭА).
ДГЭА — бул гормон, тынчтандыруу менен карылыктын алдын алат. Биздин организм бул гормонду 30 жашка чейин активдүү чыгарат. Андан кийин булчуңдарыбыз шалбырап, теринин ийкемдүүлүгү азаят.
ДГЭА кантип жогорулатабыз:
Майлуу кычкылдар. Күнүмдүк рационуңузга пайдалуу майларды кошуңуз. Жаңгак, күн карама,майлуу балык, авокадо. Бул азыктар майлуу кычкылдарды камсыздайт. Таң эрте белокторду жеңиз. Белоктор сиздин маанайыңызды кѳтѳрѳт, нерв системаларын тынчтандырат.
2. Инсулин.
Инсулин кандагы сахарды жогорулатат.Инсулин азайганда териңизде картайуунун белгилери пайда болот. Организмдеги сахардын ашыкча болгону териге бырыштарды пайда кылып, дененин шалбырашына алып келет. Татуу кѳп болгондуктан колаген менен эластин бузулуп,теринин ийкемдүүлүгү начарлайт. Бу лдагы эрте карылыкты камсыздайт.Инсулиндин деңгээлин кантип камсыздайбыз?Алгач анализ тапшырыңыз. Кандагы сахардын деңгээлин текшериңиз.Андан кийин керектүү дары-дармектерди ичиңиз. Косметика, ар кандай бет майлар А витамини барлары коллаген чыгарууга жардам берет. Сиздин бетке сүйкѳѳчү каражаттарыңызда Сжана Е витаминдери сѳзсүз болушу керек. Кѳк чай карылыктын алдын алат. Күндѳн сактоочу бет майлар ѳтѳ пайдалуу. Аны бир жыл бою колдонуңуз.Күндүн нуру теринин бузуп тез бырыштүшүүгѳ алып келет.
3. Кортизол.
Стресс гормонунун жогорку деңгээли.Кортизолдун терс таасири, териңиздин ѳңү ѳзгѳрүшүнѳ,кургап, шуудурап, терең бырыштарды же майлуулуктун жогорулашын алып келип, безеткини пайда кылат.
Кортизолдун деңгээлин кантип азайтса болот:
Таза сууну кѳбүрѳѳк ичиңиз. Суунун организмдеги жетишсиздиги бул гормондун деңгээлин жогорулатат.Биокошулмалар, тынчсыздануунун алдын-алат. Жай музыка. Жагымдуу музыка стрессти дарылайт.Медитация дагы чоң жардам берет.
4. Мелатонин.
Биздин организмди башкарат. Башкача айтканда денебизге качан эс алуу керектигин кабарлап турат. Адам уктаганда клеткалар калыбына келет. Эгер уйку жакшы болбосо карылык эрте келет.Мелотин жетишпегендиктен чач түшүп, териде тактар пайда болуп,бырыш түшѳт.
Кантип кѳтѳрүү керек:
Туура тамактануу. Мелотин бананда,помидордо, күрүчтѳ жүгѳрүдѳ кездешет. Адаттардан арылуу зарыл. Кофе, тамеки,спирт ичимдиктери терс таасирин берет. Бул заттар гормондун иштеп чыгышын токтотот. Мындай касиетке кээ бир дары-дармектер дагы ээ. Алар уктоотуучу, антибиотиктер. Тамак аш кошулмалары. Мелатонду таблетка түрүндѳ да кабыл алса болот. Адистер 35 жаштан кийин бул гармонду табыгый эмес жол менен да толуктап туруу керетигин сунуштайт.
5. Соматотропин.
Өсүүгѳ дефицит гормону. Бул гормон азайганы менен дененде майлар,бырыштар пайда болуп баштайт.Маанай түшүп, алсыздык күч алат. Кээ бирлер бул гормондун иньекциясын алып тер таасирлерге дуушар болушат. Мисалы, баш оору,шишик, сѳѳктѳрдүн туура эмес токтоосуз ѳсүшү.
Кантип соматотропинди кѳтѳрүү керек:
Кыймыл аракет, тез-тез басуу, таза абада сейилдѳѳ. Атайын машыктыруучу жайларда машыгуу. Температурны тез тез алмаштыруу бул гормондун иштешин жакшыртат. Сауна, ысык, муздак душ. Биокошулмалар. Гамма-аминомай кычкылы уйкуну жакшыртып, бул гормонду бѳлүп чыгарат.
6. Эстроген.
Эстроген коллаген менен эластинди чыгарат. Бул гормондун жетишсиздиги бырыштарды ѳтѳ кѳп жайылтат. Беттин формасы ѳзгѳрѳт. Эмчек шалбырайт. Бир эле териге таасир бербестен дененин баарына терс таасирин тийгизет.
Кантип кѳтѳрѳбүз: Туура тамактануу. Соя сүтүн, лень данектерин, күрѳң күрүч, жер жемиштерди жеш керек. Малдын эти гормондун бѳлүнүшүн азайтат.
Косметика. Фитоэстрогени бар бет майларды колдонуңуз. Коллаген бѳлүп чыгаруучу заттарга кѳңүл буруп ошолорду колдонуңуз.
Ссылка: https://barometr.kg/ayaldardy-zhashynan-erte-karytkan-gormondor-kajsylar
Добавить комментарий ×