Аялдар Лигасы Оштун тургундарына жардам беришти

4 мая 2020 11:48 1156 Barometr
Поделиться в:
ok

Аялдар Лигасына социалдык тармактагы баракчалар аркылуу жардамга өтө муктаждар, жалгыз бой энелер, убактылуу жумушсуз отургандар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, жаңы конуштарда жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, катуу ооруп калгандардан көптөгөн арыздар келип түшкөн. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. 

«Ар бир адамдын өз көйгөйү жана тарыхы бар. Бүгүнкү күнгө чейин жардам сурагандардын аягы токтой элек», - деди депутат Аида Касымалиева.

«Биз, Аялдар Лигасы,  мүмкүн болушунча көп адамдарга жардам берүүгө аракет кылдык.  Азыркы оор мезгилде күнүмдүк жашоого эң керектүү азык-түлүктөр  бар 1000 (бир миң) коробка таратылды. Алар жеке адамдарга жана жардамга муктаж болгон жарандарыбызга жардам берген уюмдар аркылуу да жеткирилип берилди", - деп кошумчалады Борбордук Азиядагы Аялдар Лигасынын төрайымы Асель Атабекова.

Лига жакында кайрымдуулук иштерин аркалоо үчүн вице-спикер Аида Касымалиева, жеке ишкер Асель Атабекова жана Гүлназ Исаева тарабынан түптөлгөн. Буга чейин Лига кайрымдуулук волейболун уюштуруп, рак илдетине чалдыккан кыздын операциясына акча топтоп берген.

«Көмөк көрсөтүп, Лига аркылуу кайрымдуулук көрсөткөн  кол сунгандардын бардыгына ыраазычылык билдиребиз! Сиздерге Кудуреттүү Кудайдан ден соолук жана жакшылыктарды тилейбиз! Азык-түлүктү жеткирүүгө  катышкан жана өз салымын кошкон биздин жаш ыктыярчыларга чоң рахмат!», - деп жыйынтыктады Гулназ Исаева.


Ссылка: https://barometr.kg/ayaldar-ligasy-aida-kasymalieva-oshtun-zharandaryna-zhardam-berishti



Добавить комментарий