Аял өзүнүн тишин түшүрө сабаган эркекти бычактап салды
Таш-Көмүр шаардык соту 50 жаштагы Эльмирага карата (аты өзгөртүлдү, Н.Э.Р.) өкүм чыгарды.
2019-жылдын 2-февралында 22:00 чамасында Станислав (аты өзгөртүлдү, Б.С.К.) бирге жашап келген Эльмиранын батирине мас абалында келген. Ортодо чыр чыгып, Станислав Эльмираны бир нече ирет бетке чаап, сабап баштаганда, ызаланган Эльмира ашкана бычагы менен Станиславды үч ирет төш тушуна, эки ирет курсакка сайып, натыйжада эркек ошол жерде каза болгон.
Сотто Эльмира баарын мойнуна алган. Айтылгандай эле, Станислав анын тишин түшүрө сабаган. Ал көчөгө качууга аракет кылса дагы Станислав аны чачынан кармап алып, сабагандыгын, ачуусу менен бычакты алып бир канча ирет сайып жибергендигин айтып берген. Андан соң кошуналарынын эшигин кагып, тез жардамга жана милицияга чалууларын суранган. Сотто кылган ишине өкүнүү менен жеңил жаза берүүнү өтүнгөн.
Сот Эльмираны күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыратууга жана 220 миң сом айып төлөөгө өкүм чыгарды.
Ссылка: https://barometr.kg/ayal-znn-tishin-tshr-sabagan-erkekti-bychaktap-saldy
Добавить комментарий ×